«Окуя» спектакли Барпы театрынын сахнасында

«Окуя» спектакли Барпы театрынын сахнасында

     Облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын  репертуарын дагы бир мелодрама толуктады. Аталган театрдын чыгармачыл жамааты Кыргыз Эл жазуучусу, белгилүү драматург, «Манас» орденинин ээси Мар Байжиевдин «Окуя» аталышындагы чакан пьесасын сахнага алып чыгышты. Пьесанын өзөгүн азыркы жаштардын тагдырына туш келген айрым терс көрүнүштөр, ак менен каранын жанаша жүрүшү, күрөшү, наркомания,алдамчылык, жек көрүү жана ыйык махабат тууралуу чагылдырылат. Окуя төрт гана адамдын айланасында өтөт. Кыска ,бирок, нуска жазылган пьеса көрүүчүнү чоң ойго салат. Жаштардын тарбиясы жана жан дүйнөсү эмнени эңсейт? Алардын күткөнү эмне?Жаштар ырасында да акчага, алдамчылыкка, мансапка азгырылып баратабы? Алар кийинкиликти ойлонушабы? Өзүнүн келечегин эмнеден көрө алат? Ойноп күлүү, утурумдук жыргалчылык менен эле жашоонун маңызын түшүнүшөбү? Автор мына ушундай ойду таштаган. Аны жеткире аткарган театрдын жаш чыгармачыл тобу пьесанын бет ачаарында эле көрүүчүнү ойго салышкандай болду. Сахналаштырган режиссёр, КРнын Эл артисти Бакыт Жумалиев. Ал эми  сүрөтчүсу Маданияттын мыкты кызматкери Чынара Чотурова. Жаңы пьесанын бет ачаарында театрдын жаш актёрлору  Бактияр Султанбаев, Акылбек Мамажанов, Анара Култаева жана Кудайберди Арапбаевдер мыкты чеберчилик менен өз образдарын жеткире аткара алышты.

Бактыкан Ажымаматова, “Акыйкат”