Аксы РИИБне жаңы башчы дайындалды
Эми Аксы райондук ички иштер бөлүмүн Бектен Бекмуратов жетектейт. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Низбеков кол койду.
Жаңы дайындалган милициянын полковниги Б. Бекмуратовду бүгүн Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Марлис Асанов Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамына тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалап ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө чакырды.
Ошондой эле Бектен Бекмуратов Аксы районунун аймагында коомдук коопсуздукту сактоодо жана элдин милицияга болгон ишеничин арттырууга багыт коюп кызмат өтөөрүн белгиледи.
"Акыйкат"