Аксы районуна башка аким дайындалды

Саргазаков Максатбек Таштанбекович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп дайындалды. Бул туурасында “Акыйкат” гезитинин аталган райондогу атайын кабарчысы Абдымомун Калбаев кабарлады.
Жаңы аким Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык дайындалды.
Ал эми аталган райондун муруңку акими Замирбек Сыдыков Президенттин тиешелүү тескемеси менен Ош облусунун Кара-Кулжа районуна аким болуп дайындалды.