Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев кызматташуу багытында Кытайга барды

Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев кызматташуу багытында Кытайга барды
Сүрөттөр өкүлчүлүктүн Фейсбук баракчасынан алынды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жетектеген делегация Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна барды. Бул тууралуу маалымат облустук өкүчүлүктүн фейсбук баракчасына жарыяланды.

Жумушчу сапардын алкагында облус башчы Шихецы шаарынын мэри Гэ Чжихой менен жолугушту.

Тараптар Жалал-Абад облусу менен Шихецы шаарынын ортосунда өз ара кызматташуу, инвестициялык климатты түзүүдөгү артыкчылыктуу багыттарды талкуулашты. Облус башчысы аймакта айыл чарбасы, чакан ГЭС куруу, тоо-кен тармагы, курулуш жана кайра иштетүү багыттарын өнүктүрүүдө ири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Жумушчу делегация Шихецы шаарындагы айыл чарбасын өнүктүрүү багытындагы бир катар заводдор, өндүрүштүк мекемелерди, курулуш жаатында иш алып барган компаниялардын жана шаар коммуникациясын электрондук башкаруу мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышып, кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Аны менен бирге шаардын тарыхый музейин көрдү - деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында