“Кыпчак-Талаа айылынын № 46 Э. Толоммырзаев атындагы негизги мектебинин мугалимдеринин кайрылуусун кароо жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
Жаңы-Арык айылы № 5-ТОКТОМУ 13-декабрь 2023-жыл
“Кыпчак-Талаа айылынын № 46 Э. Толомырзаев атындагы негизги мектебинин мугалимдеринин кайрылуусун кароо жөнүндө”
Кыпчак-Талаа айылынын тургуну № 46 Э. Толомырзаев атындагы негизги мектебинин мугалими Дуйшоева Гульнара Акматжановна ооруп жаткандыгына байланыштуу № 46 Э. Толомырзаев атындагы негизги мектебинин мугалимдеринин жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXIV – сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Кыпчак-Талаа айылынын № 46 Э. Толоммырзаев атындагы негизги мектебинин мугалимдеринин кайрылуусу эске алынсын.
Кыпчак-Талаа айылынын тургуну № 46 Э. Толомырзаев атындагы негизги мектебинин мугалими Дуйшоева Гульнара Акматжановна оорупжаткандыгын эске алып жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 000 (отуз миң) сом ажыратылып берилсин.
- Жогоруда каралган акча каражаттары менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Осмоновго милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовго милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы А. Кубатбеков