Жалал-Абадда алгачкы жолу Өзбекстандан келген дарыгерлердин делегациясы элди акысыз медициналык кароодон өткөрүштү

Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук клиникалык бейтапканасынын директору Кумар Ботокараев билдирди. Анын айтымында коңшу өлкөдөн келген ак халатчандар бейтаптарды 3 күн кабыл алган.
«Биздин бейтапканага Өзбекстан республикасынын улуттук госпиталынан 12 дарыгер 22-августта келген. Курамында нейрохирург, хирург, эндокринолог, кардиолог, кардио хирург, акушер-гинекологдордон турган топ бейтапарды кабыл алып кеңештерин берип, дарылашты. Саамалыктын жүрүшүндө эки тараптын дарыгерлери мындан ары да тажрыйба алмашуу максатында меморандумга кол койдук. Эки өлкөнүн ортосундагы мындай жөрөлгө алгачкы жолу ишке ашып жатат»,-деди К. Ботокараев.
Кошумчалай кетсек, быйыл май айында Жалал-Абад курортунда кыргыз-өзбек дарыгерлери кызматташуу боюнча 5 меморандумга кол коюшкан болчу.
Эске салсак, буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ташкентте жолугушуп, кызматташтык боюнча 16 документке кол коюшкан.