Тогуз-Торо районунда бала бакчада кошумча тайпа ачылды
Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы "Күнчубак" мектепке чейинки билим берүү уюмунда кошумча тайпа ачылды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдирди.
Аталган кошумча тайпа район акими Манас Мураталиевдин демилгеси Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтү жана айылдык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен каржыланып, жалпы оңдоп түзөө иштерине жана тайпанын эмеректерине, жасалгалоосуна жалпы 1 миллион сомдон ашуун акча каражаты бөлүнүп берилген.
Күнчубак" мектепке чейинки билим берүүчү уюмунда буга чейин 4 тайпа болсо эми дагы кошумча бир тайпа ачылып 35 балага ылайыкташты. Мында уктоочу, окуучу жана кошумча бөлмөсү менен ачылды.
Ачылышка район акими Манас Мураталиев, Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Алтынбек Жарбашов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев, Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Таалай Токтоболотов, ата-энелер жана мугалимдер катышты.
Район акими Манас Мураталиев "Райондо балдардын бала бакчага киргизүү үчүн күткөн кезегин жоюу менен кошумча тайпа ачылып, бөбөктөрдүн бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Кошумча жумуш оруну түзүлдү. Ошондой эле мекеме жамаатына ийгиликтерди каалайм” – деп коушмчалады район акими.
Белгилей кетсек район боюнча 14 мектепке чейинки билим берүүчү уюмунда 1000дей бала тарбияланат.