Казарман аэропорту 22 жылдан кийин кайра учактарды кабыл ала баштады

Казарман аэропорту 22 жылдан кийин кайра учактарды кабыл ала баштады. Мындай маалыматты Тогуз-Торо районун акими Манасбек Мураталиев билдирди. Анын айтымында модернизациядан кийин аэропорттун ишке кириши өлкөнүн транспорт тармагын өнүктүрүүгө чоң өбөлгө болуп, аймактын тургундарынын ыңгайлуу, коопсуз жана тез байланышын да камсыздайт.
Белгилүү болгондой, Бишкектен учкан учак Казарманга 45 мүнөттө келип жетет.
«Казарман аэропорту район борборунун түндүк-чыгышында, тоо этектеп жайгашкан. Аба майдан салмагы 22 тоннага чейинки аба кемелерин кабыл алууга ылайыкталган. Учуп-конуу тилкеси, узундугу 1840 метрди түзүп, толугу менен жаңыланган. Аэропорт күндүзгү режимде жүргүнчүлөрдү тейлейт.
Буга чейин район эли сааттап жол жүрүп, борбор калаага барып келчү, эми жеңилдик болду»,-дейт аким М. Мураталиев.
Арадан 20 жыл дегенде кайрадан аба каттамы ачылып, жаңыланган Казарман аэропорту Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда расмий ишин баштады.
Союздан калган мурунку аэропорто акыркы рейс 2003-жылы аткарылган.