“Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылдын алты ай ичиндеги бюджетинин аткарылышы жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
Жаңы-Арык айылы № 3 – Т О К Т О М У 28-август 2023-жыл
“Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылдын алты ай ичи бюджетинин
аткарылышы жөнүндө”
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылдын алты ай ичи бюджеттин киреше жана чыгашаларынын аткарылышы жөнүндө финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновтун отчетун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезектеги XX - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн 2023-жылдын алты ай ичи бюджеттин киреше жана чыгашаларынын аткарылышы жөнүндө финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновдун отчету эске алынсын.
- Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн 2023-жылдын алты айга карата такталган планы 14 497,6 миң сом, жыл башында бекитилгени 13 927,2 миң сом болуп, анык кирешеси 17 888,4 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3.Чыгаша бөлүгү смета боюнча такталган планы 21 127,4 миң сом, жыл башында бекитилгени 13 927,2 миң сом болуп, 13 744,3 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
- Өндүрүлбөй калган салыктарды жана ижаранын түрү боюнча баардык ижара акыларды өндүрүп, кошумча киреше булактарын таап, бюджетти толтуруу финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновко милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳжагы Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовго милдеттендирилсин
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы А.К.Кубатбеков