Облус башчысы Токтогул шаарындагы ири курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди

Облус башчысы Токтогул шаарындагы ири курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Токтогул шаарындагы ири социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты.
Иш сапарынын алкагында облус башчысы 100 орундуу оорукана, майыптыгы бар балдар үчүн көп профилдүү реабилитациялык борбор, 750 орундуу мектеп жана 140 орундуу бала бакчанын курулуш иштеринин жүрүшүн жеринде көрүп, алардын учурдагы абалы менен таанышты.
Тилек Текебаев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана курулуш компаниясынын жетекчилигине курулуш темпин ылдамдатууну, так план-графикти иштеп чыгууну, жумушчу күчүн көбөйтүүнү, курулуш эрежелерин сактоону жана сапат маселесине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Токтогул шаарындагы социалдык объектилерди куруу, ошондой эле шаардын ички 32 чакырым жолун жана 14,7 чакырым аралыктагы тротуарларын жаңылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду тарабынан 1 млрд 360 млн 800 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Учурда ички жолдорду жаңылоо багытында долбоорлоо иштери жүргүзүлүүдө.