Ажылык – 2025: Жалал-Абадда зыяратчылардын алгачкы тобу жөнөп кетти

Ажылык – 2025: Жалал-Абадда зыяратчылардын алгачкы тобу жөнөп кетти

 Бул тууралуу Жалал-Абад облустук казыятынан билдиришти. Маалым болгондой, алгачкы топто дубандан 1088 киши кеткен.

«Быйылкы ажылык сапар үчүн облустан 1500 киши катталган. Бул ирээт зыяратчыларды эки топ менен жөнөтүү пландалган, аларды жалпы 26 ажы башчы жетектеп барат. Кечээ 21-майда алардын алгачкы тобу, тагырагы 1088 киши Медина шаарына жетти. Калган 412 зыяратчы бүгүн сапарга чыгышат»,-деп айтылат мекеме берген маалыматта.

Кошумчалай кетсек, быйылкы жыл үчүн Сауд Аравиясы Кыргызстандык зыяратчылар үчүн 6060 квота бөлгөн.
Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири.