Ноокендеги жалпы дарыгердик практика борборунда заманбап дары сактоочу капма пайдаланууга берилди

Ноокендеги жалпы дарыгердик практика борборунда заманбап дары сактоочу капма пайдаланууга берилди

Мындай маалыматты аталган медициналык борбордун башкы дарыгери Айчүрөк Досумбетова билдирди. Анын айтымында эски имарат 1 бөлмөлүү болгондуктан дары-дармек сактоого шарттар жетишсиз болчу.

«Райондогу жалпы дарыгердик практикалык борбордун дары сактоочу кампасы мындан 20 жыл мурун курулган. Бугүнкү күнү анын эскилиги жетип, көп дарылар батпай, шарттары да жакшы эмес болчу. Мындан улам былтыркы жылы атайын долбоорун даярдаганбыз. Тагырагы, имараттын жалпы сметалык баасы 9 млн 402 миң 945 сомду түзгөн. Ал үчүн тендер жарыяланып, 8 млн 928 миң 630 сомго «Вираж Курулуш» ЖЧКсы утуп алып, куруп берди. Бул сумманын 1 млн 188 миң 215 сом райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнүп берилсе, калган каражат республикалык бюджеттен каржыланды. Бүгүнкү күнү бардык шарты бар 2 кабаттуу имаратта заманбап 8 муздаткыч бар, атайын жер төлөсү, кызматкерлер иштөөсү үчүн бөлмөлөр бар. Аны менен катар ар бир дарылар нормасы менен сакталышы үчүн, тийиштүү шарттар жетиштүү»,-деди Досумбетова.

Мындан сырткары, ал быйылкы жылы борбордогу балдар бөлүмү, үй-булөлүк дарыгерлер тобунун имараты, хирургия бөлүмү, дарылоо бөлүмү, тамак аш даярдоочу ашкана, кир жуугу жай жана көмүр сактоочу кампа республикасынын бюджеттин эсебинен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөнүн кошумчалады.

Эске салсак, Ноокен жалпы дарыгердик практикалык борбору райондун 86миң 216 калкын медициналык жактан тейлеп келет.