Жалал-Абад шаарына жаңы вице-мэр дайындалды

Жалал-Абад шаарына жаңы вице-мэр дайындалды
Сүрөт мэриянын маалымат борборунан алынды

Жалал-Абад шаарынын мэринин коммуналдык маселелер боюнча орун басары болуп, Раимжанов Жаныш Авазбекович дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Эрнисбек Ормоков кол койду. Бул тууралуу мэриянын маалымат борборунан кабарлады.

Жаңы дайындалган жаш кадр буга чейин кайсы жакта эмне кызмат кылганы тууралуу төмөндө баяндалат:

Билими:

2015-2018-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин Бизнес жана менеджмент факультетинин "Финансы жана кредит" адистигин аяктаган.

2021-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы башкаруу академиясында билим алган

Эмгек жолу:

2015-2019- жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ош аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда жетектөөчү адис.

2019-жылдан ушул күнгө чейин Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу бөлүмүндө башкы адис болуп эмгектенип келе жаткан.

Ал,1996-жылы  Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн.

Үй бүлөлүү.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Джолдошев Айбек Дөөлөтбекович ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган-деп кабарланды мэриядан.