Тогуз-Тородо 225 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Тогуз-Тородо 225 орундуу мектеп пайдаланууга берилди
Мектептин сырткы көрүнүшү

Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын Чет-Булак айылындагы №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлады.

Алар кабарлагандай, мектеп 225 орунга ылайыкташтырылып,билим алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Атап айтканда спорт залы, ашкана, китепкана жана 13 класс бар.

Бул билим уясынын курулушу иштери 2014-жылы башталып, бирок курулуш кайра токтоп калган. Ал эми 2021-жылы курулушу уланып, эми пайдаланууга берилди. Мекеменин айланасы тосулуп, көрктөндүрүлгөн.

Мектептин ачылышына Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, Каргалык айыл аймагынын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Алтынбек Жарбашов, Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Таалай Токтоболотов, мекеме ишканалардын жетекчилери, айыл тургундары, мугалимдер жана окуучулар катышты.

№8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 25 мугалим 237 балага тарбия берип келет. Алар, буга чейин авариялык абалдагы мектепте билим алып келишкен.

Белгилей кетсек, район боюнча жалпы 14 мектеп, 14 бала бакча бар.

"Акыйкат"