Тогуз-Торо: Макмал орто мектеби пайдаланууга берилди

Тогуз-Торо: Макмал орто мектеби пайдаланууга берилди
Мектептин сырткы көрүнүшү

Тогуз-Торо районунун борборунда жайгашкан Макмал орто мектебин жаңыдан капиталдык ремонттон өткөрүп пайдаланууга берилди. Бул тууралу райондук администрациядан билдирди.

Анда, Казарман айылында жайгашкан №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектеби 1983-жылы Макмал алтын кен комбинаты тарабынан курулушу башталып, 1986-жылы 1-сентябрда пайдаланууга берилген. Андан бери бир да капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестиция агенти "АРИС" долбоору аркылуу 84,0 миллион сом бөлүнүп, “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу жана имаратта энергонатыйжалуулукту жогорулатуу максатында” капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп бүткөрүлдү. Ошондой эле мугалимдердин иштөөсүнө жана окуучулардын билим алуусу үчүн баардык шарттар каралган – деп айтылат маалыматта.

Оңдоодон кийинки ачылышка Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Эмил Артыкбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев айылдык кеңештин төрагалары, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Ачылышта сөз сүйлөгөн район акими Манас Мураталиев балдардын билим алуусуна ыңгайлуу шарт түзүлгөнү-келечекке  бара турган жолду ачканга барабар экенин баса белгилеп, мектептин абалын жакшыртууда салым кошкон "АРИС" долбооруна, курулушчуларга, эмгек жамаатка ыраазычылык билдирди.

 

Эскерте кетсек аталган мектеп 3 кабаттан туруп,  59 класс менен  1170 орунга ылайыкташып, учурда 1570 окуучу билим алууда.

“Акыйкат”