Жалал-Абад: облус жетекчиси теле көрсөтүү тармагындагы эмгектенген адистерди куттуктады

Жалал-Абад: облус жетекчиси теле көрсөтүү тармагындагы эмгектенген адистерди куттуктады
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин Радио жана телевидение кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата куттуктоосу
“Урматтуу радио жана телевидение тармагынын кызматкерлери!
Сиздерди 8-декабрь — кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Сиздер коомго так, өз убагындагы жана ишенимдүү маалыматтарды жеткирүүдө чоң жоопкерчилик менен эмгектенесиздер. Жалал-Абад облусунун, жалпы өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, жүрүп жаткан реформалар, аткарылып жаткан иштер тууралуу калкка толук жана ыкчам маалымат берүүдө сиздердин эмгегиңиздер өзгөчө мааниге ээ.
Радио жана телеберүү – бул жөн гана жаңылык тараткан тармак эмес, бул коом менен бийликтин ортосундагы маанилүү байланыш көпүрөсү. Сиздердин ар бир репортаж — облустун турмушун чагылдырган жандуу күзгү десек болот.
Урматтуу журналисттер, операторлор, режиссёрлор, алып баруучулар жана тармактагы бардык кызматкерлер! Эмгегиңиздер ар дайым бааланып, чыгармачылык ийгиликтер жарала берсин!
Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, чыгармачылык шыктануу жана ийгиликтерди каалайм!
Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!”.