Манаста “Манас өнүгүү форуму” өттү

Манаста “Манас өнүгүү форуму” өттү

Фрумда Манас шаарындагы өнөр жай зонасынын (промзона) презентациясы болуп, анын ишкерлер үчүн өндүрүштү кеңейтүү, инвестиция тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча маанилүү мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Анда аймактагы ишкерлерди, мамлекеттик органдарды жана эксперттерди бириктирип, бизнес өнүктүрүү, мыйзамдардагы өзгөрүүлөр жана франшиза мүмкүнчүлүктөрү  талкууланды. Саамалык шаардык мэриянын  жыйындар залында  өтүп, аны  Манас шаарынын мэриясы жана Жалал-Абад Бизнес Ассоциациясы (JBA) уюштурду. 

Форумга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги , Мамлекеттик Салык Кызматы жана Кыргызстандын Кесиптик Бирликтер федерациясы катышты. 

Программада:
— Манас шаарындагы өнөр жай зонасынын презентациясы;
— мыйзамдардагы өзгөрүүлөр боюнча пленардык сессия;
—франшизалардын көргөзмөсү;
— эксперттик баяндамалар;
— аялдар ишкердигин өнүктүрүү маселелери жөнүндө сөз болду. 

Иш чаранын алкагында Кыргызстандагы франшиза компаниялардын көргөзмөсү уюштурулду.