“6 боз үй тигилип, шаардыктарга сүмөлөк таркатылат” Манаста Нооруз майрамы кандай белгиленет?

“6 боз үй тигилип, шаардыктарга сүмөлөк таркатылат” Манаста Нооруз майрамы кандай белгиленет?

Быйыл Нооруз майрамы “Азаттык” аянтында белгиленээрин Турмуш басылмасына шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова билдирди. Анын айтымында иш чаранын расмий бөлүгү 21-март күнү саат 11:00дө башталат.

“Бул жылы Нооруз майрамын утурлай 20-март күнү калаадагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери 2 казанга сүмөлөк бышырууну пландап жатабыз. Ал эми, майрамдык салтанаттын расмий бөлүгү 21-март күнү шаардын “Азаттык” аянтында өткөрүлөт. Иш чарага борбор калаадан мамлекеттик катчы Аслан Койчиев баштаган, башка облустардан да коноктор келээри пландалып жатат. Ал күнү аянтта боз үй тигилип, театралдаштырылган концерттик программа тартууланып, келген коноктор жана шаардыктарга сүмөлөк таркатылат. Аны менен катар аянтта улуттук оюндар уюштурулуп, шаардагы жана облустагы башка район-шаарлардагы ишкерлердин продукцияларынын жарманкеси уюштурулат. Ал эми кечки саат 18:00дө кыргыз эстрада жылдаздарынын коштоосундагы гала концерт уюштурулат”-,дейт вице мэр Гүлбарчын Таштанбекова.

Мындан сырткары ал бул жылы майрамдык салтанатты өткөрүүгө шаар казынасынан 2 млн сомдой каражат жумшалаарын кошумчалады.