КР БШКсы 2024-жылдын 17-ноябрындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгын маалымдады
"2024-жылдын 17-ноябрында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо УТРКнын түз эфиринде добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары менен Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова тааныштырды. Саат 20:00гө карата шайлоо участкаларынын 96 пайызынан маалымат келип түштү.
Добуш берүүнүн негизги көрсөткүчтөрү:
Жалпы шайлоочулардын 27,83% катышты.
Шайлоочулардын тизмесине киргизилген 4135039 жарандын ичинен 1150 931 адам добуш берди.
Шаардык кеңештерге добуш берүү:
1 620 243 шайлоочунун ичинен 392 844 адам катышып, бул 24,25 пайызды түзөт.
Айылдык кеңештерде добуш берүү:
2 514 796 шайлоочунун ичинен 758 087 адам добуш берди, бул 30,15% түзөт.
Маалыматтарды иштетүүнүн учурдагы абалы:
Учурда шайлоо участкаларынын 97,22 пайызынан маалымат келип түштү. Шаарлардагы 22 шайлоо участкасынан жана айылдык кеңештерге шайлоолор өткөн айылдардагы 46 шайлоо участкасынан маалыматтар дагы эле күтүлүүдө.
Шаарлар жана округдар, ошондой эле айылдык кеңештер боюнча толук маалыматтар БШКнын расмий сайтында: newess.shailoo.gov.kg/ реалдуу убакыт режиминде жарыяланат. Жыйынтыктар автоматташтырылган урналардан алынган маалыматтарга жараша жаңыртылып турат" - деп айтылат маалыматта