«Айыл аймагындагы чарба багытындагы болбогон жерлердин жер салыгынын коэфицентин бекитип берүү жөнүндө»
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясынын
Жаңы-Арык айылы № 3 Т О К Т О М У 7-февраль 2024-жыл
«Айыл аймагындагы чарба багытындагы болбогон жерлердин жер салыгынын коэфицентин бекитип берүү жөнүндө»
Бүргөндү айылдык кеңеши, “Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 388-беренесинин 2- бөлүмчөсүнө ылайык” Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Салык бөлүмүнүн жетекчиси А. Каракожоевдин сунушун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXVI– сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Салык бөлүмүнүн жетекчиси А. Каракожоевдин сунушу эске алынсын.
- Бүргөндү айыл өккмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдаланганы үчүн жер салыгынын К 3 зоналык коэфицентинин 1,0 өлчөмүнөн 1,2 өлчөмүндө белгиленип бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- 5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы А. Кубатбеков