«Кыргызнефтегаз» ААКда Жеңиш күнүнө арналган спорттук мелдештер өткөрүлдү

«Кыргызнефтегаз» ААКда Жеңиш күнүнө арналган спорттук мелдештер өткөрүлдү
9-Май – Улуу Жеңиш майрамына карата «Кыргызнефтегаз» ААКга караштуу мекеме-ишканалар арасында спорттун бир нече түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү.
Аталган спорттук иш-чара «Кыргызнефтегаз» ААКнын профсоюз уюму тарабынан уюштурулду.
Иш-чаранын максаты кызматкерлер арасында сергек жашоо образын жайылтуу, ынтымакты бекемдөө жана Улуу Жеңиш күнүн даңазалоо болду.
Мелдештерге компаниянын ар тармактарында эмгектенген кызматкерлер активдүү катышып, күч сынашты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, уюштуруучулар тарабынан сыйлыктар тапшырылды.