Жалал-Абад шаары: МУНИЦИПАЛДЫК ТАШТАНДЫЛАРДЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ЗАВОДДУ “УМАР СЕРВИС КОМПАНИ" ИШТЕТЕТ

Мамлекеттик жеке өнөктөштүк мыйзамынын негизинде Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык таштандыларды кайра иштетүүчү заводду эми "Умар Сервис Компани" ЖЧКсы иштетет. Буга карата шаар мэри Эрнисбек Ормоков менен "Умар Сервис Компани" ЖЧКсынын директору Миңманас Алижан уулу эки тараптуу келишимге кол коюшту. Мындай кабар мэриянын маалымат борборунун социалдык тармактардагы баракчаларында жарыяланды. Анда белгилүү болгондой келишимге ылайык, аталган ЖЧК таштандыларды сорттоочу цехти эксплуатациялоо, таштандыларды сорттоо цехинен кайра иштетилген заттардын негизинде өндүрүштүк ишкананы куруу жана башкаруу жумушун жүргүзөт.
Жалал-Абад шаарынын таштанды полигонуна курулган таштандыларды иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу завод республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражатка курулган жана ага 133 млн. сом жумшалган. Ал эми Мамлекеттик жеке өнөктөштүк мыйзамынын негизинде аталган заводду ишке киргизип, өндүрүштүк ишкана ачуунун үстүндө иш алып барып жаткан "Умар Сервис Компани" ЖЧКсы 45 млн. сом инвестиция салууда – деп айтылат маалыматта.
"Акыйкат"