Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагы мыкты болду
СЫЙЛЫК КУТ БОЛСУН, КОШ-ДӨБӨЛҮКТӨР!
Жергиликтүү башкаруу органдарынын ишине дем берүү максатында Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги №181- “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына жалпы мамлекттик сынак өткөрүү жобосунун талаптарына ылайык, Жалпы мамлекеттик сынактык комиссиясынын 2022-жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" деп Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл аймагы татыды. Бул тууралуу аталган райондон Абдымомун Калбаев кабарлады. Анда, жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө чечимине ылайык 2022-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча мамлекеттин сынагы боюнча жеңүүчүсү деп табылган аталган айыл аймак 3 миллион сом байге фонду менен 1-орунду камсыздаган. Айыл аймак бул киреше менен аймактагы бир топ тиешелүү маселелерди чечүүнү көздөп жатат.
Абдымомун Калбаев,Аксы району