“Бүргөндү айыл аймагынын Кызыл-Кыя айылындгы №24 О. Каипов атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттоо» долбоорунун сметасына кирбей калган ремонт иштерин бүтүрүүгө керектелген акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө” 

Бүргөндү айылдык кеңешинин

XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXIV – сессиясынын 

Жаңы-Арык айылы                         2  Т О К Т О М У                      13-декабрь  2023-жыл 

“Бүргөндү айыл аймагынын Кызыл-Кыя айылындгы №24 О. Каипов атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттоо» долбоорунун сметасына кирбей калган ремонт иштерин бүтүрүүгө керектелген акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө” 

Бүргөндү айыл аймагынын Кызыл-Кыя айылындгы №24 О. Каипов атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонтто» долбоорунун сметасына кирбей калган ремонт иштерин бүтүрүүгө Ноокен райондук архитектура жанан шаар куруу башкармалыгы тарабынан түзүлгөн жалпы сматалык 1 584 535 (бир миллион беш жүз сексен төрт миң беш жүз элүү беш) сомду түзгөн иштерди кыш мезгилине чейин бүтүрүү максатында айыл өкмөт башчысы Ш. Алыкуловдун 2023-жылдын жергиликтүү бюджетининде каралаган, бирок аткарылбай калган иштердин эсебинде турган акча каражатын статьядан статьяга жылдырып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз  XXIV – сессиясы 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т: 

  1. Айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловдун кайрылуусу эске алынсын. 
  1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Кызыл-Кыя айылындагы №24 О. Каипов атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонтто” долбоорунун сметасына кирбей калган жумуштарды кыш мезгилине чейин бүтүрүү максатында Ноокен райондук архитектура жанан шаар куруу башкармалыгы тарабынан түзүлгөн жалпы сматалык баасы 1 584 535 (бир миллион беш жүз сексен төрт миң беш жүз элүү беш) сомду түзгөн иштердибүтүрүүгө керектелген акча каражатын  статьядан статьяга жылдырылып  жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралсын. 
  1. Жогоруда каралган акча каражаттары менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Осмоновго жүктөлсүн.                                                                                              
  1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
  1. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовго милдеттендирилсин.

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:                                   А. Кубатбеков