Быйыл Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнө 38 жарнамалык LED экран орнотулат

Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы Муниципиалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Жолдубай Бөрүкулов билдирди. Анын айтымында ушул тапта экрандарды орнотуу иштери жүрүп жатат.
«Буга чейин шаар бийлигинин буйругу менен калаанын борбордук көчөлөрүндөгү рекламалык щиттер алынган. Анын оордуна заманбап LED экрандарды орнотуу чечими чыккан болчу. Быйыл ишкерлер тарабынан калаанын борбордук көчөлөрүнө экрандарды орнотуу иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү 38 экран орнотулуу алдында турат. Ушул тапта анын оордулары даярдалып жатат. Ар бир рекламалык экрандан ай сайын шаар бюджетине 10 миң сомдон каражат түшүп турат. Демек, 38 экрандан айына 380 миң сом каражат түшөөрүн пландап жатабыз»,-деди Ж. Бөрүкулов.
Эске салсак, 2022-жылдын жаз айларында Жалал-Абад шаарында орун алган катуу шамалдан улам калаадагы эс алуу бактарындагы дарактар, борбордук көчөлөрдөгү рекламалык щиттер кулап унааларды басып калып, материалдык чыгымга алып келген. Мындан улам калаа бийлиги щиттерди алып салуу чечимин кабыл алган. 2024-жылы шаардагы жарнама щиттери толугу менен алынган.