Быйылкы жылы Тогуз-Торо районунда, жалпы 86 гектарга жакын жерге 150 600 түп көчөт отургузулат
Мындай маалыматты район акими Нурлан Эшмукамбет уулу билдирди. Анын айтымында ушул тапта аймактарда тянь-шань карагайы, арча, алманын алты сорту, өрүк жана кара өрүк сыяктуу көчөттөр отургузуу жумуштары башталган.
« Район аймагындагы деградацияга учураган өндүрүмдүүлүгү төмөн болгон 86 гектар жерге эл аралык уюмдардын колдоосу менен көчөт тигип жатабыз. Анын 36 гектары айыл аймактардын жерлери болсо, 50 гектары мамлекеттик токой фондунун жерлери болуп саналат. Ушул тапта алгачкы жумуштар башталды, тагырагы райондун Өрнөк айыл аймагында 12.5 гектар жерде, алма бак плантациясы уюштурулууда. Бул демилге жерди өздөштүрүүгө гана эмес, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө жана жер ресурстарын туруктуу башкарууга салым кошот. Ошондой эле Бирдик айылында жашаган 116 үй-бүлөгө 6 миң түп көчөт таркатып берилип, 15 гектар аянтка отургузулду. Аларга адистер бакты туура отургузуу, кароо, багуу, асыроо техникаларын практика жүзүндө көрсөтүп беришти. Ага удаа эле Сайра-Кокту участогунда 2 гектар жерге алма, кара өрүк отургузулду.
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн борборундагы Казарман паркынын 2 гектар жерине ак чечек, терек, алма жана кара өрүк көчөттөрү тигилди.
Алдыда Атай айыл өкмөтүнүн, Комплекс аймагында 5.04 гектар алма бак отургузуу пландаштырылууда. Аткарылып жаткан бул иштерге эл аралык уюмдар тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлүп, тигилген бактарды коргондоо, аларды суугаруу системасын жакшыртып берүү жагы каралган»-,дейт район акими Нурлан Эшмукамбет уулу.
Кошумчалай кетсек, 2026-жылы сөз болуп жаткан токойлорду жана жайыттарды жакшыртуу аркылуу парник газдарын сиңирүү (секвестрациялоо) долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун, Тогуз-Торо жана Сузак райондорунда, 125 гектардан ашык аянта 211 400 түп токой жана мөмөлүү дарак көчөттөрү отургузулат.



