Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов жана тийиштүү тармактардын жетекчилери аймактагы вегетация мезгилине карата даярдыктарды жеринен көрүп чыгышты.
Анда Сузак районундагы Көк-Арт, Базар-Коргон
районундагы Кара-Үңкүр, Ноокен районунун Шайдан-Сай ирригациялык системаларынын жана Чоң Ноокен каналынын учурдагы абалы менен жеринен таанышты. Ага катар Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы "Жел тийбес" суу насостук станциясына барды.
Бакыт Төрөбаев жетекчилерге президент тарабынан ирригация тармагын өнүктүрүүгө байланыштуу бир катар тапшырмалар берилгенин айтты. 2025-жылы бул тармакка мамлекеттик бюджеттен 5 миллиард сом бөлүнүп, анын негизинде 10 ири инвестициялык долбоор ишке ашырылаарын маалымдады. Ошондой эле климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен эгин айдоо түзүмүн кайра карап чыгуу, сууну үнөмдөөчү технологияларды кеңири колдонуу зарылдыгын белгиледи.
Кыдыруунун жүрүшүндө тийиштүү жетекчилерге ирригациялык тутумдарын курууга байланыштуу сметалык-долбоордук документтерди кыска мөөнөттө даярдоо, зарыл ресурстарды тактоо жана жумуштарды өз учурунда жүргүзүү тапшырмаларын берди.