Жалал-Абад облусунда бир жашка чейинки 235 балынын өлүмү катталган
Бул тууралуу өткөн аптада облуста 2024-жылдын 9 ай ичинде аткарылган социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы боюнча облусттук коллегияда белгилүү болду. Маалым болгондой, өлүм көрсөткүчү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 учурга көп.
КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Өмүрбек Махмаджунус уулу өлгөн балдардын басымдуусу тубаса кемтик менен төрөлгөн балдар экенин айтат.
«Быйылкы жылдын 9 айында каза болгон балдардын саны 235ти түздү. Алардын көпчулүгү тубаса кемтик илдети менен төрөлүп, төрөлгөн соң 6 күндүн ичинде чарчап калган. Бул боюнча биздин мекемеде жыйын кылып, өлүмдүн себептерин тактап, алдын алуу чараларын көргөнбүз. Алдыңкы күндөрү облустун бардык район-шаарларындагы медициналык мекемелерге барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барабыз деген план бар.
Буга катар бул убакытта энелердин өлүмүнүн саны өскөнү да байкалат, алсак Аксы районунда 1 эненин, облустук төрөт үйүндө 5 эненин өлүмү катталды. Буга энелердин өз ден-соолугуна убагында кам көрбөгөнү себеп, ал боюнча да иликтөө иштери жүрүп жатат»,-дейт Ө. Махмаджунус уулу.
Облустагы район-шаарлардын жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышкан коллегияда Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жыйында белгиленген маселелерди жыл жыйынтыгы менен жөнгө салуу тапшырмасын берди.
Эске салсак, быйыл 9 айда дубанда 19миң 988 бала жарык дүйнөгө келген.