Үч-Коргон ГЭСинде "Антитеррордук окуу-машыгуу Жалал-Абад-2025" штабдык-командалык машыгуу өттү.
Иш-чара КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан бекитилген пландык аскердик күжүрмөн даярдыктарды өткөрүү иш-мерчеминин негизинде уюштурулду.
Окуп-машыгууга УКМК төрагасынын орун басары – УКМКнын Антитеррордук борборунун директору Курманбек Авазов, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары
Нурлан Эрматов, облустук укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн башчылары катышты.
Күжүрмөн сценарийге ылайык, Шамалдуу-Сай шаарындагы Үч-Коргон ГЭСине шарттуу террористтик топтун 5 мүчөсү тарабынан кол салынган жана каскаддын 15 кызматкерин барымтага алган. Бул боюнча ыкчам маалымат аймактык штабка берилди. УКМКнын "Альфа" атайын багыттагы бөлүгү контрчабуул жасоо жана террористик топту нейтралдаштыруу менен барымтадагы жарандарды бошотуу тапшырмасын аткаруу үчүн күжүрмөн ыкчам иш чараларды өткөрдү.
Иш чаранын максаты, атайын кызматтын “Альфа” атайын бөлүгүнүн аскер кызматкерлеринин жана тийиштүү кызматтардын кесипкөйлүгүн күчөтүү, антитеррордук аракеттерге каршы туруунун ыкмаларын жогорулатуу жана кызматтардын өз ара иштешүүсүн калыптандыруу болуп саналат.
Окуу-машыгуунун аягында катышуучуларга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан бекитилген сыйлыктар тапшырылды.