“Акыйкат” гезитинин кабарчысы Түрксой Эл аралык уюму тарабынан сыйланды

“Акыйкат” гезитинин кабарчысы Түрксой Эл аралык уюму тарабынан сыйланды

Журналист, жазуучу, акын  Абдымомун Калбаев Түрксой уюмунун төш белгиси жана Ардак грамотасы менен сыйланды. Ал бул сыйлыктарга түрк тилдүү өлколөрдүн адабиятына кошкон салымдары үчүн жетишти.

Абдымомун Калбаевдин жазган чыгармалары беш чет элдик адабият беттерине жарыяланган. Тактап айтканда орус, азербайжан, түрк, казак жана өзбек тилдерине которулган.  Өзбекестандын “Жахон адабияты” (дүйнөлүк адабият) журналына, Казактардын “Таң чолпаны” журналына, Азерлердин “Каспий адабий” журналына, Түркиянын “Кыргыз жазуучуларынын антологиясы” журналына чыккан. Бул эмгектерин баалоо башкы катчы Султан Раев тарабынан демилгеленген. Сыйлыкты Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына карата өкөн илимий-практикалык конференцида Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев менен Түрксой эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев тапшырды.

"Акыйкат"