«Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджети жана 2024-2025-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө» 

Бүргөндү айылдык кеңешинин

XXVIII – чакырылышынын кезектеги XVII – сессиясынын

 

Жаңы-Арык айылы                                     8 – Т О К Т О М У                           16-февраль  2023-жыл 

«Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджети жана 2024-2025-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө»  

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновдун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин 2023-жылга бюджети жана 2024-2025 – жылдарга бюджетинин долбоору жөнүндөгү берген маалыматын угуп жана талкуулап, Бүргөндү айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын  кезектеги XVII – сессиясы. 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т: 

1.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновдун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга бюджетинин долбоору боюнча маалыматы эске алынсын.

2.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга 28890,5 сом, 2024-жылга долбоору 32180,5 сом, жана 2025-жылга 33823,8 сомго №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. 

3.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашалары 2023-жылга 28890,5 сом, 2024-жылга долбоору 32180,5 сом, жана 2025-жылга 33823,8 сомго №2 тиркемеге ылайык бекитилсин. 

4.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 1-январына карата кассалык накталай акча каражат жүгүртүүсү 300,0 сом өлчөмүндө белгиленсин. 

5.Жергиликтүү бюджеттин чыгашалары биринчи кезекте корголуучу берене чыгымдарына (эмгек акы, соц фондко чегерүү, тамак аш чыгымы) ошондой эле транспорттук чыгымга жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө каралсын. Эмгек акыга 12436,9 сом, соц фондко 1818,9 сом, транспорттук чыгымдарга 400,0 сом,  интернеттик жана телефондук байланыштарга 100,0 сом. 

6.Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы №78 мыйзамынын 23-беренесине ылайык 2023-жылга каралган жергиликтүү бюджеттинин 1% эсебиндеги 269,0 сомдук Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысынын резерв фондусу түзүлсүн. 

7.Жалпы ата-энелер чогулушунун токтому бекитилип балдар бакчасынын ата-энелер төлөмү айына бир балага 600 (алты жүз) сомдон, ал эми жылына 2963,1 (эки миллион тогуз жүз алтымыш үч мин бир жүз) сом план каралсын. Жергиликтүү бюджеттен бала бакчанын тамак ашына айына 18 (он сегиз сом) ал эми жыл ичине 1777,8 сомго план каралсын. 

8.Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү 2021-жылдын 20-октябры № 123 мыйзамынын 40-беренесинин 6-пунктуна ылайык кеңештин төрагасына компенсация өткөргөн ар бир сессиясына эмгек акы төлөп берилсин. 

  1. Мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун 01.01.2023-жылга калган калдык акчасын отургузуу боюнча айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде 3190,0 сом акчаны кайра бөлүштүрүү фондунун ижара эсебинде 14152600 беренесине жыл ичине отургузуу милдеттендирилсин. 
  1. Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана Финансы Министрлиги тарабынан берилген өзгөрүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү, бюджеттин натыйжалуулугун көтөрүү, өндүрүлбөй калган салыктарды жана ижаранын түрү боюнча баардык ижара акыларды өндүрүп, кошумча киреше булактарын таап, бюджетти толтуруу жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновко жүктөлсүн. 

11.Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же  сайтка жарыялансын. 

12.Токтомдун  аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин. 

                        Бүргөндү айылдык

                     кеңешинин төрагасы:             ________________       Б. Кубатов  

 Бүргөндү айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын  кезектеги XVII-сессиясынын №8 токтому №1 тиркеме 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга каралган бюджеттик кирешелери

 

Кирешелер булагы

 2023-жылга план

 2024-жылга план

2025-         жылга план

11111100

КИРЕШЕ САЛЫК

9 401,0

12 691,0

13 287,0

11122300

Салык негизинде патент

1 280,0

1 280,0

1 280,0

111

Кирешеге жана пайдага салыктар

10 681,0

13 971,0

14 567,0

11311200

Кыймылсыз мүлк салыгы

150,5

150,5

150,5

11312200

Транспорт салыгы

1 500,0

1 500,0

1 500,0

11321100

Тамарка жер салыгы

300,0

300,0

300,0

11321200

Айыл чарба багытындагы жер салыгы

0,0

0,0

1 047,3

11321300

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы

500,0

500,0

500,0

113

Мүлк салыгы

2 450,5

2 450,5

3 497,8

11

Салыктык кирешелер

13 131,5

16 421,5

18 064,8

14151200

Лицензиядан кармалуучу аренда акы

245,0

245,0

245,0

14152100

Калктуу конуштан түшүчү аренда акы

200,0

200,0

200,0

14152200

Жайыт аренда акысы

36,0

36,0

36,0

14152600

Кайра бөлүштүрүү жер аренда акысынан

2 100,0

2 100,0

2 100,0

14232400

Бала бакчага питания

1 825,0

1 825,0

1 825,0

14239900

Кызмат корсотуунун башка турлору

131,0

131,0

131,0

14

салыктык эмес кирешелер

4 537,0

4 537,0

4 537,0

 

 

 

 

 

 

Жергиликтүү бюджет

15 712,5

19 002,5

20 645,8

 

Спец бюджет

1 956,0

1 956,0

1 956,0

 

Тендөөчү гранттар

11 222,0

11 222,0

11 222,0

 

Жалпы кирешелер:

28 890,5

32 180,5

33 823,8

 

 

 

 

 

  ФЭБ башчысы:             ______________       М.Осмонов

 Бүргөндү айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын  кезектеги XVII-сессиясынын №8 токтому №2 тиркеме 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга каралган бюджеттик чыгашалары

 

Мекемелердин аттары

2023-жылга план

2024-жылга план

2025-жылга план

Мамлекеттик тейлөө тармагы

18447,8

18447,8

19841,1

Билим берүү тармагы

5607,9

8607,9

8607,9

       анын ичинен

 

 

 

Балдар бакчасына

2532

4032

4032

Мектептерге

3075,9

4575,9

4575,9

Маданият тармагына

1692,8

1692,8

1942,8

  анын ичинен

 

 

 

Китеп канага

954

954

1204

Маданият үйүнө

738,8

738,8

738,8

ЖКХ

1186

1476

1476

Жыйнтыгы бюджеттик чыгашалар

26934,5

30224,5

31867,8

Атайын каражат

1956,0

1956,0

1956,0

Жалпы чыгаша

28890,5

32180,5

33823,8

  ФЭБ башчысы:             ______________       М.Осмонов