“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ношкен айылынын тургуну У. Долотбаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
Жаңы-Арык айылы №2 ТОКТОМУ 4-октябрь 2023-жыл
“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ношкен айылынын тургуну У. Долотбаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө”
Ношкен айылынын тургуну У. Долотбаевдин айыл өкмөтүнөн убактылуу пайдалануу үчүн эски чайхана имаратын өз каражатынын эсебинен кайрадан заман талабына ылайык калыбына келтирип айыл тургундарына кызмат көрсөтүү үчүн чайхана ачып иштетүүгө тиешелүү чечим кабыл алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ношкен айылынын тургуну У. Долотбаевдин кайрылуусу эске алынсын.
- Ношкен айылындагы айыл өкмөтүнүн менчигинде турган эски чайхана имаратын ижарага алуучу арыз ээси У. Долотбаевдин эски чайхана имаратын заман талабына ылайык калыбына келтирип жергиликтүү калкка кызмат көрсөтүү шартын түзүүгө, айыл аймагында чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү максатында ижара эсебинде келишим шарты менен убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
- Суралган имаратты убактылуу пайдаланууга берүүдө ижара акыларын, убактылуу пайдалануу мөөнөтүн аныктоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтому менен бекитилген муниципалдык менчикте турган имаратты менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Типтүү Жобого ылайык айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн жер участокторуна укуктарды берүү процесин ишке ашыруу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Суралган имараттын тиешелүү иш кагаздарын, ижара келишимин мыйзам чегинде жүргүзүү жагын камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Абдиевге милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков