“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн О. Каипов атындагы маданият үйүнү капиталдык ремонтто” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
Жаңы-Арык айылы № 7 ТОКТОМУ 4-октябрь 2023-жыл
“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн О. Каипов атындагы маданият үйүнү капиталдык ремонтто” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө
“Бүргөндү айыл өкмөтү тарабынан сметалык баасы 2 975 561 сомдук О. Каипов атындагы маданият үйүнү капиталдык ремонтто” долбооруну ишке ашыруу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Ш. Алыкуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Бүргөндүайыл өкмөтү тарабынан сметалык баасы 2 975 561 сомдук О. Каипов атындагы маданият үйүнү капиталдык ремонтто” долбооруну ишке ашыруу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Ш. Алыкуловдун кайрылуусу эске алынсын жана артыкчылыктуу деп табылсын.
- Ноокен райондук Дем берүүчү (үлүштүк) грантына тапшыруу максатында жалпы сметалык суммасы 2 975 561 (эки миллион тогуз жүз жетимиш беш миң беш жүз алтымыш бир) сомду түзгөн Бүргөндү айыл өкмөтүнүн О. Каипов атындагы маданият үйүнү капиталдык ремонтто” долбоорунун сметасынын 7% депозиттик салымы үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 208 289 (эки жүз сегиз миң эки жүз сексен тогуз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловго милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовго милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы А. Кубатбеков