“Бир кишиден 3 көчөт” Ала-Букада жашыл мурас өнөктүгү башталды

“Бир кишиден 3 көчөт” Ала-Букада жашыл мурас өнөктүгү башталды

 “Жашыл мурас” жарлыгынын алкагында райондун  Орток-Бел массивинде 7,5 чакырым жолдун жээгине көчөттөр тигилди.  Ишембиликтин  жүрүшүндө 3000 даана көчөт отургузулду.

 Аким Руслан Айтбаев келген катышуучуларга өз ыраазычылыгын билдирип, райондогу жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жаз мезгилинин келиши менен активдүү башталганын белгилеп, алдыда дагы бул багытта бир катар иштер пландалып жатканын билдирди.

Абдымомун Калбаев 

"Акыйкат"