Ырысбек Калчаев Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалды
Тиешелүү буйрукка Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Дамирбек Кулубаев кол койду. жаңы дайындалган жетекчи бүгүн 13-майда активге тааныштырылды.
Буга чейин бул кызматты Саадат Турганбаева аркалап келген, ал өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган.
Сузак районунда 106 мектеп 63 бала бакча бар.
Аты-жөнү: Калчаев Ырысбек Өмүрзакович
Туулган күнү: 13-март 1971-жыл
Туулган жери: Ош облусу, Алай району, Гүлчө айылы
Билими: Жогорку
1. 1989–1995 — Ош мамлекеттик университети, Тарых факультети
2. 1997–2000 — Ош мамлекеттик университети, Юриспруденция
Эмгек жолу:
1995 – 2000 — Жалал-Абад коммерциялык институту — окутуучу
2000 – 2004 — Ноокен районундагы №26 орто мектеби — директордун орун басары
2004 – 2007 — Экономика жана ишкердик университети — ага окутуучу
2009 — Экономика жана ишкердик университетинин гуманитардык-экономикалык колледжи — ага окутуучу
2009 — ОсОО «Айбаткомпани» — юрист
2007 – 2009 — №13 орто мектебинин директору, Жалал-Абад шаары
2009 — Р. Санатбаев атындагы №9 орто мектебинин директору, Жалал-Абад шаары
2014 – 30-июль 2025 — Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы