Кербен шаарындагы негизги делген эки көчө кеңейтилип, асфальт төшөлүп жатат
Мындай маалыматты шаардык вице-мэри Эламан Кочкорбаев билдирди. Анын айтымында аталган эки көчө тең союз учурунда курулуп, андан бери жеңыртылбаган. Учурда курулуш республикалык бюджеттен каржыланган, анын жалпы наркы 420 млн сомду түзөт.
"Ушул тапта шаардагы негизги делген эки көчөдө курулуш кызуу жүрүүдө. Алардын бири Ниязалы көчөсү, бул жол калаага кирген негизги көчө. Анын 3 чакырымында асфальттоо жумуштары жүрүүдө. Ушул тапта курулуштун 60% аяктап калды. Курулушту ишке ашыруу үчүн тендер жарыяланып, андан 154 млн сомго "Магистраль Курулуш" ЖЧКсы утуп алган. Жол 4 тилкелүү, туурасы 14 метрди түзөт. Мындан сырткары жолго түнкү жарыктандыруу, латок жана тратуар кошо курулат.
Мындан сырткары курулуш иши шаардагы Темиркул Уметалиев көчөсүндө да жүрүүдө. Ал Кербен аэропортуна алып барган негизги жол. Анын узундугу да 3 км 600метрди түзөт. Анын курулушун тендерден "Магистраль Курулуш" ЖЧКсы 208 млн сомго утуп алган. Учурда курулуштун 30%ы аяктап калды. Бул жол дагы тилкелүү болуп туурасы 14 метрди түзөт. Аны менен бирге жолго түнкү жарыктандыруу, латок жана тратуар кошо курулат",-деди вице-мэр Э. Кочкорбаев.
Мындан сырткары ал ушул тапта Кербен шаарында буга чейин сөз болгон көчөлөрдөн сырткары дагы 8 көчөдө асфальт төшөө жумуштары жүрүп жатканын кошумчалады.
"Магистраль Курулуш" ЖЧКсы 2025-жылдын 28-январында каттоодон өткөн. Анын жетекчиси катары Шермамат уулу Курманбек көрсөтүлгөн. Ишкана турак жай жана имараттарды куруу менен алектенет.








