Манас шаарында газ менен жүрүүчү автобустар каттамга чыкпай жатканына 6 күн болду
Шаар бийлиги анын негизги себебин жаратылыш газынын басымынын төмөндөп кеткендиги менен байланыштырып жатат. Шаар мэринин орун басары Уларбек Исмаилов, жаратылыш газынын басымы калыбына келгенде автобусттар каттамга чыгаарын айтат.
“ Калаа аймагында жүргүнчүлөрдү 60 муниципалдык автобус тейлейт. 11-марттан бери күндөн бери 10 электробус жана жеке менчик жүргүнчүлөрдү ташуучу компаниялардын кичи автобустары каттамга чыгып жатат. Газдын басымы калыбына келээр замат муниципиалдык автобазадагы автобустар каттамга чыгышат”-,деди вице мэр У. Исмаилов.
Калаада коомдук транспорттун каттамдарды үзгүлтүккө учурашы биринчи жолу эмес, мындай көрүнүш аба-ырайы кескин суук болгон учурда утур- утур кайталанып келет. Бийлик газ коңшу Өзбекстандан келээрин, мындан улам басым азайып жатканын, бирок бул көрүнүш жакынкы суткада калыбына келээрин кошумчалады.
Эске салсак, 2023-жылдын 26-октябрында президент Садыр Жапаров шаар күнүн утурлай белек катары “ Zhongtong “ үлгүсүндөгү 50 автобусту тапшырган.
Автобустар метан газы менен жүрүп, ага 24-34 жүргүнчү батат. Автобустун узундугу 12 метрге чейин жетет.


