Манаста иш издеген жарандар үчүн 150дөн ашуун бош жумуш орундары бар
Мындай маалымат бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүн утурлай уюштурулган иш чарада айтылды.
Саамалык Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү тарабынан эмгек мыйзамдарын коргоо инспектору менен биргеликте уюштурулган.
Анда жарандарга 150дөн ашуун бош жумуш орун сунуштапды. Алар: курулуш, билим берүү, тигүү жана кондитердик өндүрүш, коомдук тамактануу кызматтары, ошондой эле муниципалдык жана мамлекеттик мекемелердеги вакансиялар.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында эмгек укуктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, катышуучуларга мыйзам талаптары тууралуу кеңири маалымат берилди.
Белгилей кетсек, учурда Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүндө 507 жумушсуз жаран катталган болсо, алардын 87си иш менен камсыздалды.


