Сузак аймактык ооруканасынын бөлүмү 2,2 млн сомго оңдолуп, пайдаланууга берилди
Мындай маалыматты, Сузак аймактык бейтапкананын башкы дарыгери Акжол Тургунбаев билдирди. Анын айтымында сөз болуп жаткан бөлүмдөр мындан 15 жыл мурда оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.
“Оорукананын 30 койкалуу сынык-жараат жана 9 керебеттүү жандандыруу бөлүмү толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди. Буга чейин аталган бөлүмдөрдөгү бөлмөлөр эскирип, эски эшик-терезелер жана ыңгайсыз шарттар бар эле. Эми, баары жаңыланып, ар бир бөлмөгө ысык, муздак суулар чыгарылып санузелдери жаңыланып мындагы кызматкерлер жана бейтаптар үчүн шарт жаратылды",-деди ал.
Мындан сырткары ал бейтапканынын эки операциялык залы да оңдоодөн өткөнүн, ремонттоо жумуштарына жалпы 2 млн 285 миң 800 сом акча каражаты мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп берилгенин кошумчалады.
341 койкалуу Сузак аймактык бейтапканасында 15 бөлүм жана 3 филиал бар. Алар Бек-Абад, Кара-Дарыя жана Орто-Азия ооруканалары. Сөз болуп жаткан саламаттык сактоо мекемесинде 540 кызматкер эмгектенип келет.