Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын административдик жаңы имараты ачылды
Бүгүн, 2024-жылдын 30-августунда “Кыргызстан Улуттук Электр Тармагы” ААКнын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын жаңы имараты ачылды. Бул туурасында Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлады. Маалымдалгандай аталган мекеме Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 обьекти ачуу долбоорунун алкагында ачылды.
Ачылыш аземге “КУЭТ” ААКнын башкы директорунун орун басары Уларбек Дүйшө уулу, Жалал-Абад ЭТИнин директору Сүйүнбек Усенов, Сузак айыл аймагынын башчысы Даирбек Бакиров, энергетиктер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышышты.
Буга чейин КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад электр тармактарына болгон иш сапарында Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын имаратынын авариялык абалын көрүп, жаңы имарат курууну тапшырма кылган болчу.
Натыйжада КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Төрөбаевдин, “КУЭТ” ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбековдун, “КУЭТ” ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаевдин колдоосунда жана ЖЭТИнин директору Сүйүнбек Усеновдун пландуу жумуш жүргүзгөндүгүнөн, заманбап имарат тургузулду.
“КУЭТ” ААКнын башкы директорунун орун басары Дүйшө уулу Уларбек өз сөзүндө акыркы жылдардагы энергетика тармагындагы реформалардын жыйындысы зор көрсөткүч бергендигине токтолуп, Сузак районунун керектөөчүлөрүнө сапаттуу электр энергиясын берүүдө жакшы шарттар жаралып жаткандыгы менен куттуктады.
Ал эми Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору Сүйүнбек Усенов,- Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын баштапкы абалы начар болсо да жумуш ыргагы өз нугунда жүргөн. Эми кызматкерлерге түзүлгөн шарттар мыкты тейлөөгө өбөлгө болот. Мындай шарттарды түзүп, алдыда күз- кыш айларына чейин бир топ имараттарды ачууга бел байлап турабыз – деп кошумчалады.
Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын имараты эскилиги жетип, кызматкерлердин иштөөсүнө жана керектөөчүлөрдү тейлөөдө ыңгайсыздык жаралып келген. Анткени имарат бир кабаттан туруп, бөлмөлөрү тар, дубалдары жараксыз абалга кептелген болчу. Улам жылдан жылга абоненттер көбөйүп, тар бөлмөдө иштөөгө туура келген. Үстүбүздөгү жылдын капиталдык курулуш мерчемине киргизилип, авариялык абалдагы имарат мынтип толугу менен бузулуп, учурда жаңы салынды.
Курулушка “КУЭТ” ААКнын өздүк эсебинен 14 млн. 500 миң сом каражат бөлүнгөн. “Ширин Бизнес Групп” жоопкерчилиги чектелген коом менен келишим түзүлүп, сапаттуу курулуш бүттү.
Жаңы имарат 2 кабаттан, 8 бөлмөдөн турат. Мында кызматкерлердин иштөөсүнө да, керектөөчүлөрдү сапаттуу тейлөөдө да ыңгайлуу шарт түзүлдү.
Сузак электр энергиясын сатуу ишканасы Сузак районундагы 5 айыл өкмөттөгү 36 764 керектөөчүнү тейлейт.
Белгилей кетсек, ишкананын административдик эски имараты 1950- жылы курулган. Сузак мамлекеттик администрациясынын балансында болуп, банк кызматы ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. 2001-жылдын 12-мартындагы № 12 буйругунун негизинде “Жалал-Абадэлектро” ААКнын балансына өткөн. Ошол убакыттан бери энергетиктер жумушту үзгүлтүккө учуратпай, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген – деп айтылат билдирүүдө.