Сузакта архив кызматынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Сузакта архив кызматынын жаңы имараты пайдаланууга берилди
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Сузак райондук мамлекеттик архив кызматынын Багыш айыл аймагынын Октябрь айылында курулган жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов, жергиликтүү бийлик жана архив кызматкерлери катышты.
Облус башчысы жаңы имараттын курулушу архивдик документтерди коопсуз жана узак мөөнөткө сактоого, заманбап ыкмалар менен иштөөгө жана маалыматтарды ыкчам алууга мүмкүнчүлүк түзөөрүн белгиледи. Ошондой эле, бул аракет район тургундары жана кызматкерлер үчүн түзүлгөн жакшы шарт экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, жаңы архив имаратына Сузак районунун Багыш айыл аймагы тарабынан жер тилкеси ажыратылып, республикалык бюджеттен 26 млн 240 миң сом акча каражаты жумшалган.