ТАҢДАЙДАН ДААМЫ КЕТПЕГЕН   КУЛПУНАЙ

ТАҢДАЙДАН ДААМЫ КЕТПЕГЕН   КУЛПУНАЙ

 Жаштардын иш издеп, жер кезип кеткени кээде жүрөк оорутат. Антсе да, акыркы жылдары жаштар айылда эле калып, дыйканчылык кылып, мал чарбасын өнүктүрүп, асыл тукум жылкы, койлорду багып жатканы кубандырат. Өз жеринин өнүгүшүнө аз да болсо салымын кошуп жатпайбы. Мына ушундай жаштардын бири Аксы районундагы Кербен шаарына караштуу Жерге-Тал айылынын тургуну  Тагайкул Өмүралиев. Өмүрлүк жары Мавлюда экөө 4 презенттин ата - энеси. Балдардын алды мектепте окуп калышты. Мезгилинде Тагайкул да чет өлкөлөрдү кыдырып, иштеп келди. Учурда ал өзү туулуп өскөн Жерге-Тал айылында эле дыйканчылык кылып, арбын киреше тапса боло турганына ынанып, иштеп жаткан учуру. Тагайкулга таң эртең менен эгин талаасында жолугуп, маектештик.  

            -Шаар кезип жүргөн болсоңуз, дыйканчылыкка кандайча киришип калдыңыз?

            -Дыйканчылык кылам деген деле оюм жок болчу. Өмүрлүк жарым Малюда там аркасы жерибизге ежевиканын көчөтүн тигип салган экен. Андан деле  түшүм алабыз деген ой болбогон. Түшүмү мол болот экен. Терип сатып,   250 миң  сом киреше алдык.  Анан мен 23 миң түп көчөт алып келип салдым эле, аны сатып, алгач эле 220 миң сомдой киреше таптык. Анан дыйканчылык кылууга кызыгып, чындап кириштим.

            -Алгач ишти эмнеден баштадыңар?

            -Албетте дыйканчылык кылганга шарт, жакшы жер болуш керек экен. Алгач  20 сотых үлүш жеримди короолоп, ал жерге суу алып келип, андан соң, плёнканын алдында кулпунайдын көчөтүн олтургуздук. Бул жерге 10 миң түп кулпунайдын көчөтүн олтургуздум. Тамчылатып суугаруу системасын киргиздим. Кыскасы дыйканчылыкты баштаганыма 640 миң сом чыгаша кылдым. Жакшы аракет кылсаң, жер тез эле кайтарат экен. Өткөн жылы жылпысынан 500 миң сомдой киреше таптым. Албетте, кулпунай менен эле чектелип калган жокмун. Бир гектар жерди ижарага алып, ал жерге кожогаттын түшүмдүү сортун таап келип, аны өстүрүп жатам. Кыскасы эрте жаздан кеч күзгө чейин келинчегим Малюда экөөбүзгө, балдарыма  тыным жок. Иштеп, киреше табуунун аракети.

            -Түшүмдү сатып өткөрүү жагы кандай болуп жатат?

            -Ал жагында азырынча маселе жок. Базарга деле анчалык барбай жатам. Кулпунай экологиялык жактан таза, сакталууга жакшы, сапаттуу болгондуктан, эл жеринен эле  алып кетип  жатат. Баасы да жаман эмес. Быйыл жыл жакшы келди. Суу азырынча мол, түшүмдүүлүк жакшы. Буйруса арбын киреше алам деген тилекте турам.

            -  Түшүмгө береке. Маегиңизге ыраазычылык.

Маек курган Абдымомун Калбаев,  “Акыйкат”