Тогуз-Тородо айымдар үчүн акысыз машыгуу залы ачылды
Тогуз-Торолук айымдар эми машыгуу залында акысыз барышат. Райондун Кара-Суу айылында ачылып ишин баштаган бул жай менен аким Нурлан Эшмукамбет уулу таанышып кайтты.
Маалым болгондой, заманбап үлгүдөгү машыгуу залынын сметалык баасы 313000 сомду түзөт. Ал үчүн Каргалык айыл аймагынын бюджетинен акча каражаты бөлүнүп берилген. Анын негизги максаты аймактагы айымдардын ден соолугу өзгөчө мааниге ээ экени белгиледи.



