Жалал-Абад – Көк-Жаңгак темир жолунун ордуна курулуп жаткан жаңы жолдун курулушу кандай жүрүп жатат?
Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жол тилкесине чыгып кеткен жергиликтүү тургундар менен жолугуп, курулуштарды бир айдын ичинде өз ыктыяры менен бузуп алуу керектигин билдирди. Ошондой эле белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин курулуштар атайын техникалардын жардамы менен алынарын эскертти.
Мындан тышкары, курулушту жүргүзүп жаткан тиешелүү жетекчилерге жеринде бир катар тапшырмалар берилип, иштерди белгиленген тартипте жана өз мөөнөтүндө аягына чыгаруу зарылдыгы белгиленди.
Аталган жаңы жол төрт тилкелүү болуп, жалпы узундугу 12,5 чакырымды түзөт. Тактап айтканда, Манас шаарынын Т. Байзаков проспектисинен Октябрь айылына чейинки аралыкты камтыйт.
Белгилей кетсек, курулуш иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жүргүзүлүүдө.









