Жалал-Абадда кызмат көрсөтүү тармагында иштеген адистерди даярдоо үчүн окутуулар жүрүп жатат

Мындай маалыматты Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Элзада Мамасалиева билдирди. Анын айтымында, окутуулар апрель айынан башталат, ушул тапта 15тен ашык жумушсуз киши кайрылган.
“Ушул тапта калаада жумушсуз жарандарды кыска мөөнөттүү 1 айлык акысыз "Бармен", "Официант", ‘’Горничная’’ (Бөлмө тазалоочу) курстарына каттоо жүргүзүп жатабыз. Окуунун жыйынтыгында стипендия төлөнүп, сертификат ыйгарылат. Мындан улам жумуш издеген жарандарды биздин бөлүмгө кайрылып кетүүгө чакырат элем. Азыркы учурда акысыз 1 айлык курска 15тен ашуун жумушсуз жарандар катталды”,-дейт ал.
Эске салсак, быйыл 2025-жыл Жалал-Абад шаарын Түрк тилдүү мамлекеттердин туристтик борбору аталган. Буга чейин облус жетекчиси Тилек Текебаев жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда калаадагы ЖОЖдордун жана кесиптик билим берүүчү орто окуу жайлардын ректорлоруна кызмат көрсөтүү, туристтерди тейлөө жаатында адистерди даярдоо зарыл экенин белгилеп, бул жаатта тапшырмаларды берген болчу.