Жалал-Абадда согуш ардагерлерине 100 миң сомдон берилди

Жалал-Абадда согуш ардагерлерине 100 миң сомдон  берилди

Мындай маалыматты бүгүн, 28-апрелде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарында билдирди. Ал согуш ардагери Мамасали Жумаев жана конц-лагердин туткуну Симоненко Валентина Павловнадан кабар алып, белектерин тапшырды.

«Жеңиш майрамынын 80 жылдыгын утуралай аймактарды кыдырып, ардагерлерден кабар алып, өлкө башчысынын жана министрликтин атынан белектерди тапшырып жатабыз. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусундагы 3 ардагер калыптыр, алардын ичинен Мамасали Жумаев жана конц лагердин туткуну Симоненко Валентина Павловнадан кабар алдык. Азыркы тапта 3 ардагерге ай сайын пенсиялары жана жөлөк пулдары үзгүлтүксүз төлөнүп жатат. Биздин аймактагы кызматкерлерибиз дайыма кабар алып, көзөмөлдө болушат.

Иш сапардын жүрүшүндө Жалал-Абадда 1000 кишини жумуш менен камсыз кылган иш кана менен да тааныштык»,-деди минстр Равшанбек Сабиров .

Мындан сырткары ал анын облустагы иш сапары жыйынтыкталып, бүгүн-эртен Ош облусунда жумушчу сапар менен болоорун айтты.

Ал эми, Валентина Павловна 1940-жылы 30-сентябрда Беларусиянын Витебск облусунун Полоцк районундагы бир айылда төрөлгөн. 1943-жылы, ал болгону үч жашта кезинде, немис баскынчылары анын айылына кирип келип, партизандарды атып, жергиликтүү тургундарды, анын ичинде Валентина менен анын үй-бүлөсүн, Литванын Кайнядарск районундагы концлагерге күч менен алып кетишкен. 1945-жылы Советтик аскерлер тарабынан бошотулганга чейин ал концлагерде туткунда болгон. Атасы согушка кеткен жана ал жакта курман болгон.

1961-жылы турмушка чыгып, 1962-жылы күйөөсү менен Жалал-Абад шаарына көчүп келишкен. Ал жерде ал жүк ташуучу автобазада инспектор болуп иштеп, кийин кадрлар бөлүмүндө эмгектенген. Жалпысынан 34 жыл иштеп, пенсияга чыккан. Үч баланын энеси.

Эске салсак, бүгүнкү күнү Кыргызстанда Улуу ата мекендик согуштун 32 ардагери күн кечирип келет. Алардын басымдуусу 100 жаштан улуу.