Жеңиш күнү Жалал-Абад облусунда 53 ымыркай төрөлдү

Жеңиш күнү Жалал-Абад облусунда 53 ымыркай төрөлдү
9-май Жеңиш күнү Жалал-Абад облусунда 53 ымыркай төрөлдү.  Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Өмүрбек Махмаджунус уулунун айтымында майрам күнү төрөлгөндөрдүн 30у эркек бала болсо, 23ү кыз балдар.
Ымыркайлар көп төрөлгөн учур Базар-Коргон жалпы дарыгердик практикалык борборунда жана Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө орун алган. Эки медициналык мекемеде тең 9дан ымыркай төрөлсө, Чаткал районунда бир да ымыркай төрөлгөн эмес.