Ала-Букада 3-деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Район акими Темирболот Абыкеевдин айтымында мындай чечим кечээ 11-май күнү катуу жааган жаан, мөндүрдөн улам кабыл алынган. Табийгат кырсыгынын кесепетинен райондогу Кызыл-Ата, Ак-там, Падек, Ак-Коргон, Сафет-Булан айылдарында кыян 19 үйдүн короо жайын, жер төлөөлөрүн каптап, районду облус борбору менен байланыштырган негизги жолдогу жана Сафет-Булан айылындагы көпүрөгө кооптуулук жараткан. Бирок, ушул тапта каттам жүзөгө ашырылып жатат. Ал эми, жаан менен кошо жааган мөндүр турак үйлөргө, бактарга, 1350 гектардан ашык айдоо аянтына залакасын тийгизген. Ушул тапта дагы тактоо иштери алынып барылып, жарандык коргонуу боюнча түзүлгөн жумушчу топ жеринде иш алып барууда. Тиешелүү кызматтар селдин кесепеттерин жоюп, залалсыздандыруу иштерин алып барышса, адистер камыздандыруудан өткөн үйлөрдүн тизмесин даярдоодо, ушул тапта табийгат кырсыгынан жапа чеккен 11 турак үй камыздандырылганы белгилүү болду.
Кошумчалай кетсек, 10-май күнү жааган нөшөрлүү жаандан улам сел райондогу бир катар жолдорду каптаган болчу.













