Анталияда өтчү муай тай боюнча дүйнөлүк чемпионатка Базар-Коргон районунан 3 өспүрүм барат
Мындай маалымытты район акиминин орун басары Асел Сансызбаева Базар-Коргон шаарында пайдаланууга берилген муай тай спорттук клубунун ачылышында айтты.
Маалым болгондой, сөз болуп жаткан спорт клбуда 150 бала машыгат.
“Клуб жаш спортчуларды тарбиялап, алардын ден соолугун чыңдоого жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерге даярдоого чоң салым кошот. Ачылышта спорттун алдыңкы делген 3 өспүрүмгө 25 шартта Туркиянын Анталия шаарында өтчү муай тай боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышууга 3 өспүрүм мүмкүнчүлүк алды. Биздин тестиерлер Туркияда өлкөбүздүн намысын коргомокчу”,-деди Асел Сансызбаева.
Муай тай — бул Таиланддан чыккан жекпе-жек спорту. Аны көп учурда тай боксу деп да аташат. Бул спорт дүйнөдөгү эң күчтүү жана популярдуу мушташ спортторунун бири болуп эсептелет.




