ЭАУнун СТУДЕНТИ ЖАЙНАГҮЛ МАНАСОВА БОКС БОЮНЧА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИРИНЧИЛИГИНДЕ II ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ
Бишкек шаарында 19-23-март күндөрү, 2006-2007-жылы туулган жаштар арасында бокс боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги өттү. Ага Жалал-Абаддагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык Университетинин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Чет тил” адистиги боюнча II курсунун студенти Жайнагүл Манасова 51 килограмм салмагында катышып 2-орунду камсыздады.Бул жетишкендик үчүн аталган окуу жайдын окутуучулар жамааты кубанычы менен бөлүштү жана мындан аркы мелдештерге да ийгиликтерди каалашты.